Активист Мирлан Ураимовдун баш коргоо чарасын кароо башка күнгө жылдырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ураимовдун жактоочусу Юлия Богданова билдирди.
“Мирлан Ураимовдун баш коргоо чарасы бүгүн, 3-мартта Бишкек шаардык сотунда каралмак. Бирок соттук коллегиянын мүчөлөрүнүн бири ооруп калганына байланыштуу отурум 9-мартка саат 10:00гө жылдырылды”, - деди жактоочу.
Эскерте кетсек, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү, активист Мирлан Ураимов февраль айынын башында УКМК тарабынан “бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” беренеси менен айыпталып кармалган.