Бүгүн, 3-мартта депутат Адахан Мадумаров боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия чечим чыгарат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган депутаттык комиссиянын төрагасы Айбек Осмонов билдирди.
"Буга чейин комиссиянын 5 жыйыны өттү. Бүгүн дагы жыйын өтүп, чечим чыгарабыз", - деди Айбек Осмонов.
10-февралда депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу боюнча башкы прокурордун сунушу тууралуу депутаттык комиссия түзүлгөн.
Депутаттык комиссиянын курамына кимдер кирди?