Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан бир катар мыйзам долбоорлорун четке кагуу сунушталып жатканын кабарлашты.
Ага ылайык, бүгүн, 3-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин чыгарган корутундусунун негизинде, төмөндөгү мыйзам долбоорлорун четке кагуу маселеси каралган:
- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жарнама жөнүндө”, “Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору;
- “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору;
- “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору;
- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салык кодекске, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору;
- “Кыргыз Республикасындагы өзгөчө экономикалык аймактар жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору;
- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салык кодексине, Жер кодексине, Токой кодексине, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору;
- “Кластерлер жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору;
- “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору.
Жыйынтыгында мыйзам долбоорлорун четке кагуу тууралуу сунуш добуш берүүгө жөнөтүлгөн.