Казакстандын Коргоо министрлиги Орусия-Украина жаңжалы боюнча пикирин билдирди

Казакстан Орусия-Украина жаңжалында эч бир тарапты колдобойт. Мындай пикирди аталган өлкөнүн коргоо министринин орун басары Султан Камалетдинов билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазышты.

"Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжалдын Казакстанга эч кандай тиешеси жок. Биз эч бир тарапты колдобойбуз. Бул жагынан алганда эч кандай суроолор болушу мүмкүн эмес", - деген Камалетдинов.

Журналисттер ага Украинанын сценарийи өлкөгө келсе, Казакстандын коргоо күчтөрү коопсуздукту сактай алабы деген суроону узатышкан.

"Албетте, бул суроо баарын тынчсыздандырат. Кечээги жолугушууда министрибиз белгилегендей, Куралдуу күчтөр коюлган милдеттерди аткарууга даяр деп ишенебиз. Казакстандын коопсуздугуна кепилдик бере алабыз. Бул үчүн Куралдуу күчтөрдү, башка аскерлерди жана аскердик түзүлүштөрдү мамлекет кармап турат. Анткени биздин милдет эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү камсыз кылуу", - деп жооп берген ал.

Эске салсак, 24-февраль күнү таңга маал Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаал курчуган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан