Бүгүн, 3-мартта Володимир Зеленський 16 миңдей ыктыярчы Украинага келе жатканын билдирди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.
"Украинага чет элдик 16 миңдей ыктыярчы келе жатат. Алар биздин эркиндигибизди коргойт", - деген Зеленський кайрылуусунда.
Ошондой эле ал өнөктөштөрдөн күн сайын курал-жарак алып жатышканын кошумчалаган.
Эске салсак, 24-февраль күнү таңга маал Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаал курчуган. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусия Украинага масштабдуу басып кирүүсүн баштаганын билдирген.
Орусия менен Украинанын кагылышуусу башталгандан бери Украина 2 миң 870 аскерин жоготсо, Орусиянын 498 аскери каза болгону жазылды.