Орусиялык миллиардер, "Вольное дело" фондунун негиздөөчүсү Олег Дерипаска Орусиянын борборун Москвадан Сибирге көчүрүүнү сунуштады. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мындай пикирин миллиардер Красноярск экономикалык форумунда айтып, Орусияда башкаруу системасын өзгөртүү керектигин белгилеген.
"Биздин бардык кызыкчылыктарыбыз Азияда болсо, Москвада борбордун эмне кереги бар? Балким, ал Новосибирскте же Красноярскта болсо таптакыр башкача көрүнүшү мүмкүн. Биз бул кадамга даяр эмеспиз, бирок келгиле, өткөрүп берели. Бул жерде башкаруунун бир бөлүгү. Жаңы банктар, жаңы финансылык институттар түзүлөт. Ооба, жөнөкөй нерселер үчүн Москвага учуп баруунун эмне кереги бар?", - деген ал.
Миллиардердин айтымында, ал өзү үчүн көптөгөн тыянактарды жасаган жана алар менен бөлүшүүгө даяр.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын август айында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Орусиянын борборун Сибирге көчүрүүнү, андан тышкары аталган аймакка миллионго чейин калкы бар беш жаңы шаар курууну сунуштаган.