Арменияда жаңы президент шайланды

Арменияда жаңы президент шайланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-мартта Армения парламенти шайлоонун экинчи турунда жабык добуш берүүнүн жүрүшүндө Жогорку технологиялык өнөр жай министри Ваган Хачатурянды Армениянын президенти кылып шайлады.

Жабык добуш берүүнүн экинчи айлампасына 71 депутат катышкан.

Армениянын Конституциясына ылайык, экинчи турда президентти шайлоо үчүн жалпы 107 депутаттын бештен үчтөн кем эмес добушун алуу керек болчу. Хачатурян 2021-жылдын август айында Жогорку технологиялык өнөр жай министри болуп дайындалган.
Армениянын мурдагы президенти Армен Саркисян ушул жылдын 23-январында отставкага кетерин жарыялап, февралда расмий түрдө отставкага кеткен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан