"Кыргыз болуп Кыргызстанда туулганыма сүйүнөм. Мекенимди сүйөм. Мен ушул турган турпатым менен патриотмун. Патриот болгон үчүн көчөдөгү кичинекей кагазды да алып таштанды челекке салам. Канча айлык албайын топук кылып, башка кесиптин эшигин какпай, чет өлкөгө кетпей иштеп келе жатам".
Бул Марат Жанталиевдин 2017-жылы "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде айтканы. Анда ал "Саякбай" тасмасына тартылганы, өлкөдөгү таланттардын бааланышы, өзүнүн кулк мүнөзү жөнүндө кенен кеп кылган.
Жанталиев өмүрлүк жубайы Асел Дооронбаева менен 30 жыл чогуу жашаган. Түгөйлөр 3 баланын ата-энеси. Алар бекем үй-бүлө куруунун сырлары тууралуу бул маегинде айтып беришкен. Маектин видеосун бул шилтемеден көрө аласыздар.
Марат Жанталиевдин чыгармачылыгы актриса Айнура Турганбаеванын чыгармачылыгы менен катарлаш болду. "Сакиш, Бопуш" тандеми көптөгөн интермедия, сатира, тасмаларда жазылып, маданият сүйүүчүлөрдүн эсинде калды.
Кыргыз маданиятына өмүрүнүн дээрлик көп бөлүгүн арнаган Жанталиев менен Турганбаева "Супер-Инфо" гезитине тасма талаасында басып өткөн жолу тууралуу маек беришкен. Шилтеме аркылуу кирип интервьюну окусаңыз болот. Видеомаек бул шилтемеде.
Актёр, куудул Марат Жанталиев 1961-жылы 3-мартта Нарын облусунун Кара-Кужур өрөөнүндөгү Лахол айылында туулган. Москва шаарындагы Кинематографиялык институтту бүтүргөн. Актёр Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында 20 жылдан ашык эмгектенген.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти өзүнүн эмгек жолунда театр менен кинону бирге алып жүргөн.
Сахнада Бопуш деген лакап ат менен таанылса, тасмада селсаяк (бомж), Каке, Саякбай болуп бир топ тасмаларды көрккө бөлөгөн.
Актёр көзү тирүү болгондо бүгүн, 3-мартта 61 жашка чыкмак.
Тартылган тасмалары:
"Боз салкын",
"Саякбай",
"Ак илбирстин тукуму",
"Курманжан датка" жана башкалар.
3-марттын жылнаамасы.