"Калганы качты". Рамзан Кадыров Чеченстандын аскерлери Украинадагы ири базаны алгандыгын билдирди

Чеченстандын атайын күчтөрү Украинадагы ири аскердик базаны басып алып, алардын батальонун талкалап, 2 жарым миңден ашуун украин аскери качып кеткенин Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров телеграм каналына жазды.

"Командир Хусейн Межидовдун жетекчилиги астында Чеченстандын атайын күчтөрү Бандер улутчулдарына каршы чабуул, улутчулдардын бүтүндөй бир батальону талкалап, 2 жарым миңден ашуун Бандер улутчулдары каршылык көрсөтпөй качып кетти. Биздин согушкерлер Украинадагы эң чоң аскердик базаны басып алышты", - деп айтылат Кадыровдун билдирүүсүндө.

Чечен аскерлери басып алган базанын кампаларынан чоң көлөмдөгү курал-жарактар, ок-дарылар, жети танк, 12 БТР, артиллериялык түзүлүштөр табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан