АКШ Орусиянын бир катар олигархтарына санкция салды. Арасында президенттин маалымат катчысы дагы бар

Украинадагы акыркы кырдаалга байланыштуу АКШ Орусиянын бир катар олигархтарына карата санкция салды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмаларда жарыяланды.

Маалыматта жазылгандай, аталган өлкөнүн "кара тизмесинде" Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков, "USM Holdings" компаниясынын негиздөөчүсү Алишер Усманов, ишкер Евгений Пригожин, "Транснефти" ишканасынын жетекчиси Николай Токарев, Орусиянын ВЭБ.РБ корпорациясынын жетекчиси Игорь Шувалов, бир тууган миллиардерлер Борис жана Аркадий Ротенберг жана "Ростеха" корпорациясынын башчысы Сергей Чемезов бар.

"Аталган адамдар жана алардын үй-бүлөлөрүнүн АКШдагы активдери камакка алынат, ал эми мүлкү кара тизмеге киргизилет", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле 10 орусиялык олигархка жана алардын 47 үй-бүлө мүчөлөрүнө, жакын адамдарына виза режимине чектөө киргизилет.

Маалымат үчүн:

Эске салсак, 24-февраль күнү таңга маал Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаал курчуган.

Буга байланыштуу Евробиримдик Орусиянын Украинага кол салуусунан улам орусиялык учактар үчүн аба каттамдарын жабары айтылган. Түштүк Корея жана Сингапур Орусияга каршы экспорттук көзөмөлдү күчөтүү менен Москвага каршы эл аралык санкцияларга кошулган. Канада Орусиядан мунай сатып алууну токтоторун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан