Бүгүн, 4-мартта президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын судьяларынын XII курултайына катышты.
"Мына жакынкы эле арада Конституциялык Сотунун жана Жогорку Сотунун жетекчилиги алмаштырылды.
Ошол жетекчи кызматтарга жалпы сот системасы үчүн чындап күйгөн, анын ишин алдыга жылдырууга кудурети жете турган, тажрыйбалары зор, таза, потенциалы күчтүү, амбициялуу адамдар келди деп ойлойм.
Албетте, мурдагы төрагалары дагы жаман иштеген жок. Жакшы иштеди. Бул жерден жөн гана ар бир 3-5 жылда алмашып турса, реформалар тез-тез жүрүп турат деген гана үмүт.
Сиздерге жеке мен эле эмес, бүткүл кыргыз эли чоң үмүт артып олтурат. Андыктан элдин үмүт-тилегин актап иштешиңер керек. Силердин ары татаал, ары жоопкерчиликтүү ишиңерге ийгиликтерди каалайм", - дейт Садыр Жапаров.