Садыр Жапаров Айнаш Токбаевага Ардак грамота тапшырды

Бүгүн, 4-мартта президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын судьяларынын XII курултайына катышты.

"Бүгүнкү иш-чара сот системасы үчүн эле эмес, бүткүл өлкө үчүн, жалпы Кыргыз мамлекети үчүн маанилүү окуя. Анткени сот системасы - судьялардын профессионалдык ишмердүүлүгүнүн чөйрөсү гана эмес, өлкөнүн, анын миллиондогон жарандарынын тагдырына түздөн-түз таасир этүүчү мамлекеттик институт.

Андыктан азыркы сот системасынын алдында турган маанилүү милдеттерди терең талдап, соттор тууралуу айтылып жүргөн көйгөйлөрдү жоюу жолдорун аныктап, бүгүнкү курултайды конструктивдүү өткөрүү зарыл!

Сот тутумундагы сот адилеттигинин ачык-айкындыгын жогорулатуу, судьялардын статусун жана көз карандысыздыгынын кепилдиктерин бекемдөө, сот өндүрүшүнүн, процессуалдык жана материалдык укук ченемдерин оптималдаштыруу — мунун баары абдан маанилүү", - деди президент.

Андан соң бир катар судьяларды жана сот кызматкерлерин саат жана ыраазычылык баракчалары менен сыйлады. Сыйлангандардын арасында Жогорку Соттун экс-төрайымы, Жогорку Соттун судьясы Айнаш Токбаева да бар. Мамлекет башчысы ага Ардак грамота тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан