Бүгүн, 4-мартта президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын судьяларынын XII курултайына катышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Былтыр биз жергиликтүү акимдерди ротация кылдык эле. Кудай буюрса, бул ыкма жакшы жемиштерин бере баштады! Эл-журт дагы ыраазы болуп жатат. Көрсө, жасаса болот экен да, болгону коркпош керек.
Ошону менен бирге соттордун иш менен жүктөлүшүнө терең талдоо жүргүзүлүп, штаттык бирдиктерди карап чыгуу зарыл. Мында сотто каралган иштердин саны тууралуу статистикалык көрсөтүчтөргө эмес, сотко келип түшкөн ар бир ишке, доо арызга, ошондой эле каралган иштердин категориясына жана көлөмүнө көңүл буруу зарыл!
Укуктук, унитардык мамлекетибизде мыйзамдуулуктун жалпы республика боюнча бирдей режими, бирдиктүү жана туруктуу соттук практикасы өкүм сүрүшү абзел.
Ага Жогорку Сот тарабынан өзгөчө көңүл бурулушу керек. Бул тууралуу мен дайыма айтып келем. Бул ишти тезинен жандандыруу зарыл!
Бир мисал: бир категориядагы иштер боюнча соттук ар түрдүү актылар кабыл алынып жатат. Бирдиктүү соттук практика түзүлбөй, ар кимиси каалагандай чечим чыгара берсе, эч кандай оңолуу болбойт. Тескерисинче, ушундай аракеттерден улам укуктук баш аламандык күч алат.
Мындан сырткары судьянын чечимине карата даттанууларды кароодо жогору турган соттук инстанциялар аларды тыкыр иликтеп, аны жокко чыгарууга негиздүү жагдайлар аныкталса, Жогорку Соттун жетекчилиги алардын себептерин так көрсөтүп, баа берүү багытында тийиштүү иштерди алып баруусу абзел. Мындагы негизги максат - судьянын ишинин сапатын аныктоо болуп саналат.
Сот процессинин ачык-айкындыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн санариптик сот өндүрүшүн түзүү боюнча иштерди улантууну ыкчамдатуу керек. Анткени санариптештирүү - бул бирөөнүн жөн эле кыялы эмес, ал - замандын курч талабы!
Сөзүмдү жыйынтыктап жатып, бир жагдайды белгилеп кетейин. Соттук статистикага көңүл бурсак, жылдан жылга сотторго кайрылгандар көбөйүп, каралган иштердин саны өсүүдө. Бул көрүнүш адамдар сотко барып, өздөрүнүн бузулган укуктарын сот аркылуу коргоп жатышат дегенди билдирет.
Ошол себептен жалпы кыргыз элине кайрылгым келип турат: кимибиз болбойлу, мамлекеттик кызматкерби, укук коргоочубу же болбосо жөнөкөй жаранбы - бардыгыбыз укуктук маданиятыбызды жогорулаталы. Кандай гана талаш болбосун, аны жалаң укуктук талаада гана чечүүнү, мыйзамдуу күчүнө кирген соттук чечимдерди сыйлаганды үйрөнөлү.
Ушундай жол менен соттордун көз карандысыздыгын бекемдөөгө ар бирибиз салымыбызды кошуп, адилеттүү сот системасынын калыптанышына шарт түзүп беребиз", - дейт президент.