Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев kaktus.media сайтына берген маегинде сапаты талапка жооп бербеген медициналык окуу жайлардын жабылышы боюнча пикирин билдирди.
"Бир жыл мурун биздин медициналык окуу жайлар кара тизмеге кирип калган. Министр катары мындай маселеге жооп беришим керек.
Бизде сапаты талапка жооп бербеген медициналык окуу жайлар бар болчу. Бул бизнес, жеңил акча", - деди министр.
Министр талапка жооп бербеген медициналык окуу жайдын кантип ачылганын жардамчысын мисал кылып түшүндүрүп берди.
"Мисалы, менин жардамчым эки бөлмөлүү үйгө окуу жай ачты. Чет өлкөлүк студенттерди кабыл алат. Алардан 3 миң доллардан алды. Бүттү. Ал эми пакистандык, индиялык студенттер "Кудайберген", "Ош базарында" же башка жерде бизнес кылышат. 6 айдан соң зачётко келишет, ал зачёт коюп коёт. Анан экзамен... Кантип анан алар адамды дарылашат? Ал студенттерден көк боор кайсы жерде жайгашканын сурасаң билишпейт.
15-20 жылдан кийин ал бүтүрүүчүлөр бизди дарылашат. Окуу жайды ачкан аткаминерлер өзүлөрүнүн окуу жайынан бүтүргөн студенттеринен дарыланышпайт. Чет өлкөдөн дарыланышат.
Бүгүн Жалал-Абаддагы медициналык окуу жай текшерүүдөн өтөт", - деп билдирди Бейшеналиев.
Мындан тышкары министр талапка жооп бербеген окуу жайларды иреттөө боюнча президент ага тапшырма бергенин, аны аткара турганын айткан.
Эске салсак, былтыр Пакистан Кыргыз өлкөсүндөгү медициналык жогорку окуу жайларды кара тизмеге киргизгенин маалымдаган. Билим берүү жана илим министрлиги бул боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүп, 4 медициналык окуу жайды кара тизмеден чыгарган.
Өлкөдө жабыла турган 12 медициналык окуу жайдын тизмеси жарыяланган.