Бишкекте жашы жете элек кызды зордуктаган деп милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Свердлов райондук прокуратуранын кызматкерлери тарабынан жашы жете элек кызды зордуктаган деп 2 адам кармалган. Алардын бири Свердлов РИИБинин кызматкери болгон.
“Учурда маалымат такталып жатат. Свердлов РИИБинин кызматкери кармалганы чын. Ал эми өспүрүм кыздын жашы жана окуянын башка жагдайлары такталууда”, - деп билдиришти башкы көзөмөлдөөчү органдан.
Буга чейин Бишкек шаарында милициянын аймактык тескөөчүсү 13 жашар кызды зордуктоого айыпталып кармалганы кабарланган.