Владимир Путин: "Украинада курман болгон аскерлердин үй-бүлөлөрүнө 7 миллион рублдан ашуун каражат төлөнөт"

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинада курман болгон жана жаракат алган аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү компенсация аларын билдирди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.

"Украинада атайын аскердик операцияда курман болгон аскерлердин үй-бүлөлөрүнө бир жолку 7 миллион 421 миң рубль өлчөмүндө жөлөк пул берилет. Мындан тышкары ай сайын компенсация төлөнөт.

Коргоо министрлигинин каза болгон аскер кызматчысынын ар бир үй-бүлөсүнө, аскер кызматкерлерине, атайын операцияга катышкан башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине 5 миллион рубль өлчөмүндө кошумча төлөм белгилөө зарыл деп эсептейм.

Ошондой эле Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлерине жана
башка күч түзүмдөрүнүн операцияга катышкан жана жаракат алган кызматкерлерине ар бирине 3 миллион рублдан кошумча төлөмдөрдү караштыруу зарыл", -
деген Путин.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан