Ирандын Кыргызстанга грант бөлүп берүүсү боюнча меморандумга кол коюлду
Кыргыз жана Иран мамлекеттеринин ортосундагы меморандумга президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. Ушул жылдын 10-июль күнү Иран Республикасынын Тегеран шаарында Иран Республикасынын Кыргызстанга жардам катары грант бөлүп берүүсү тууралуу долбоор келишилген. Долбоор 22-ноябрь күнү Жогорку Кеңеште кабыл алынып, бүгүн ага Алмазбек Атамбаев кол койду.