Пакистанда мечитте жарылуу болуп, 56 адам каза болду

Пакистандын Пешавар шаарындагы мечитте жанкечти өзүн жардырып, андан 56 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Алдын ала маалымат боюнча, бүгүн, 4-мартта жума намаз учурунда куралчан эки адам мотоцикл менен мечитке чейин барышып, мечиттин ичине кирүүгө аракет кылышкан. Бирок кире бериште полиция тургандыктан алар текшерүүдөн өтүүдөн качып, полицияны аткылаган. Натыйжада кол салгандардын бири мечиттин ичине кирип, жардыруу уюштурган.

Жардыруудан кеминде 56 адам каза болуп, 200гө жакын адам жабыркады. Пакистандын премьер-министри Имран Хан кол салууну айыптап, медициналык жардам көрсөтүүнү жана кылмышты иликтөөнү буйруду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан