Орусияга болгон расмий иш сапарынын алкагында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 5-мартта Орусиянын президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашты, саясий диалогдун жогорку деңгээлин, стратегиялык өнөктөштүк маанайдагы кыргыз-орус мамилелеринин прогрессивдүү мүнөзүн белгилешти. Алар соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык, ошондой эле Борбор Азия чөлкөмүндө туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо жаатында кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн талкуулашты.