Кечээ, 5-мартта Ош шаарында футбол боюнча Кыргыз мамлекетинин чемпиондугунун 1-турдук оюндары старт алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо Оштун “Алай” футболдук клубу менен “Нур-Баткен” футболдук клубу беттешти.
Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова катышып, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун атынан жалпы шаардыктарды жаңы футбол сезонунун башталышы менен куттуктап, футболдун коомчулук үчүн маанилүү бириктирүүчү ролун белгиледи.
Быйылкы чемпиондукка он команда катышат. Биринчи тур 5-6-мартка белгиленген.
Беттештин жыйынтыгында “Алай” 3:1 эсебинде утулуп калды.