Бишкекте акцияга чыккан жаран кармалып, ал "бейбаштыкка" шектелип жатат

Бишкекте Орусиянын элчилигинин алдына акцияга чыккан жаран кармалып, ал "бейбаштыкка" шектелип жатат. Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Ал бүгүн, 6-мартта анын баш коргоо чарасы караларын билдирген. Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан сотко азырынча материал түшө электигин кабарлашты.

Кечээ, 5-мартта жарандык активисттер Украинадагы кырдаалга байланыштуу Кыргыз мамлекетиндеги Орусиянын элчилигинин алдына акцияга чыгышкан. Биринчи Май райондук милициясынын кызматкерлери Мирлан Атакозу-теги аттуу жаранды кармап кеткенин "Кылым шамы" уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан