Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 1 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, каза болгон жаран Баткен облусунда катталды. Ал вакцина алган эмес.
Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2966 кишини түздү.