Мен көргөн бир күн: "Уурдалган уйдун ээси табылганча аялым үч күн бакты"

SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларын баяндоону улантат. Бул жолу өзүнүн кызыктуу баянын Жалал-Абад ОИИБинин Коомдук коопсуздук кызматынын начальниги, милициянын полковниги Алмазбек Жусупов айтып берди.

"2002-жылдын март айында Ноокен РИИБинин тергөө бөлүмүндө ага тергөөчү болуп иштечүмүн. Күндөгүдөй ишимди аяктап, жумуштан түнкү саат 22:00 чамасында чыктым. Ошол учурда жолдон бир баш уйду бир аял жетелеп, артынан эркек киши айдап алыптыр. Мен алардан "эмне малды уурдап келе жатасыңарбы?" деп сурадым. Себеби малдын мүйүзүнө байланган жиптин узундугу эки карыштай эле кыска болчу. Аял киши ошол кыска жиптен жетелеп алган экен. Ал учурда ошол аял мага карап "Сенин ишиң эмне? Бул мал өзүмдүкү. Кочкор-Ата шаарынан алып келе жатабыз", – деди.

Мен малды алып кетип жаткандардан шектенип, аларды Ноокен РИИБинин имаратына алып кирип, малды сыртка байлап койдум. Аялды нөөмөтчүгө тапшырып, күйөөсүн кабинетиме алып кирдим. Ага окуянын туурасын айтуу керек экендигин эскерттим. Ошол учурда эркек киши малды уурдап келе жатышканын, уурулукту аялы баштаганын айтып берди.

Окуя мындайча болуптур. Күйөөсү менен аялы жолдо келе жатса Ноокен районунун Каминтерин айылындагы жол четинде мал оттоп жүрүптүр. Аялы “Малды уурдайбыз дагы, Базар-Коргон районунун мал базарына алып барып сатабыз” деп күйөөсүн көндүрүптүр. Ошол жердеги кашаада байланып турган жипти чечип, аялы уйдун мүйүзүнө байлап жетелеп, күйөөсү артынан айдап келе жаткан учуру экен. Күйөөсү менен аялын беттештирип, күйөөсүнүн көрсөтмөсүнүн негизинде аялы уурулукту моюнуна алган.

Андан соң малды үйгө алып келип байлап, ээсин тапканга чейин келинчегим 3 күн карады. Малдын ээси табылып, кайтарылып берилди.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, күйөөсү менен аялы камакка алынды. Кылмыш иши боюнча тергөө амалдарын толугу менен жүргүзүп, соттун кароосуна жибергем. Жыйынтыгында Ноокен райондук соту тарабынан күйөөсү менен аялы ар бири 4 жылдан эркинен ажыратылган", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан