Бишкекте батирдин эшигине таштап кетишкен наристенин абалы айтылды

Эки күн мурун Бишкек шаарындагы батирлердин биринин эшигине таштап кетишкен баланын абалы учурда жакшы. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Ара төрөлгөн жана оорулуу ымыкайлар бөлүмүнүн жетекчиси Сагынбү Абдувалиева билдирди.

“Бала азыр дарыгерлердин көзөмөлүндө. Абалы жакшы, сүт ичүүдө. Свердлов районунун акимчилиги менен тийиштүү документтер түзүлүп жатат”, - дейт Абдувалиева.

Эскерте кетсек, 5-мартта Бишкекте батирдин босогосуна белгисиз адамдар ымыркайды таштап кетишкени кабарланган. Анда ымыркайдын жанында "Мен бага албайм. 2022-жылдын 1-мартында туулган" деп жазылган жазуу калтырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан