Бишкекте катуу жамгырдын кесепетинен көчөлөрдү суу каптады

Бишкекте катуу жамгырдын кесепетинен көчөлөрдү суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 6-мартта Бишкек шаарында катуу жамгыр жааганда Биринчи Май районунун Кулиев жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги арыктарга суу батпай жолду каптаган.

Ал жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тартылып, атайын шаймандардын жардамы менен сууну сордуруп суу каптоо кесепетин толук жоюшкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан