Украинадагы акыркы кырдаалга байланыштуу качкындардын саны 1 миллион 500 миңге жетти. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун качкындар боюнча башкы комиссары Филиппо Гранди Твиттердеги баракчасына жарыялады.
Анын жазганына ылайык, 10 күн ичинде Украинадан 1 жарым миллион адам коңшу өлкөлөргө чыгып кетишкен.
"Бул Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Европадагы миграциялык чоң кризис" деп жазган ал.
Мындан тышкары БУУнун маалыматына караганда, качкындардын жарымы Польшаны кесип өтүшкөн.
Еврокомиссиянын төрагасы Урсулы фон дер Ляйендин айтымында, Еврокомиссия украиналык качкындарга гуманитардык жардам катары 500 миллион евро бөлөт. Алар Евробиримдикте кеминде 1 жылга чейин калып, окуп иштей дагы алышат.
Эске салсак, 24-февраль күнү таңга маал Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаал курчуган.