Казакстандын чек арачылары Кыргыз өлкөсүнө күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюшту

Казакстандын чек арачылары Кыргыз өлкөсүнө күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюшту. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-мартта Казакстандын Кыргыз-Казак тилкесинде “Карасу” автожолунун чек арачылары (Жамбыл облусу) 80 тонна АИ-92 күйүүчү-майлоочу майын Казакстандан алып чыгууга бөгөт коюшкан. Уюштуруучулар мыйзамсыз ташып чыгуу үчүн күйүүчү-майлоочу май салынган контейнерлерди "цемент" салынган мүшөктөрдүн арасына катып коюшкан. Чек ара кызматы учурда автотранспорт менен Казакстан Республикасынын аймагынан бензинди, дизель майын жана мунай продуктуларынын айрым түрлөрүн алып чыгууга тыюу салынганын эске салат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан