10-мартта Бишкектин айрым конуштарында суу болбойт

10-мартта Бишкектин айрым конуштарында суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-мартта саат 9:00дөн 20:00гө чейин Энесай, Дордой-1, Дордой-2 конуштарында таза суу токтотулат.

Турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик объектилеринде жана өнөр жайда суу болбойт.

Бул "Энесай" суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу аргасыз чара экенин мэриядан билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан