Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн балдарды таап беришти

Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн балдарды таап беришти. Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-мартта Сокулук РИИБине 1987-жылы туулган Г.В. аттуу аял арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 12:30 чамасында 2011-жылы туулган Г.И. жана 2016-жылы туулган Г.Н. аттуу балдарды Сокулук районунун Новопавловка айылындагы паркта ойноп жатып жоголуп кеткендигин кабарлаган.

Бул боюнча багыттаманын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери издеп табуу иш-чараларын жүргүзүп, Бишкек шаарынын Панфилов паркынан балдарды таап, ата-энесине сак-саламат жеткирип беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан