Бишкекте көпүрөнүн үстүндөгү жол кырсыгынан 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 7-мартта саат 9:00 чамасында Бишкек шаарынын Элебесов көчөсүндө болгон. Анда Элебесов көчөсү менен түштүктү көздөй бара жаткан Мерседес Бенц унаасы Чоң Чүй каналындагы көпүрөнүн үстүнөн өтүп бара жатып каршы тилкеге чыгып, Хонда Фит жана Лексус унааларын сүзүп алган.
Алдын ала маалымат боюнча жол кырсыгынан 3 адам жабыркаган.
Учурда жол кырсыгы катталган жерде милициянын кайгуул кызматы иш алып барууда.