Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров жарандарды кабыл алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Шаар башчысы менен баарлашууга 15 шаар тургуну келип, суроолорун беришти. Алар негизинен борбордук канализация, газдаштыруу, жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жана материалдык жардам көрсөтүү маселелерин көтөрүштү. Эмилбек Абдыкадыров бардык жарандарды кунт коюп угуп, шаардык кызматтарга маселелерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында чечүүнү тапшырды.