Бүгүн, 7-мартта саат 11:30да "Сосновка" постунда унаалардын бардык түрүнө каттам убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек-Ош унаа жолунун болжол менен 120-121-чакырымында (Абла тилкеси) кар көчкү түшкөн (кардын көлөмү такталууда). Учурда жол убактылуу жабык.
Кошумча маалымат берилет.