Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери ортосунда волейбол мелдеши өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери ортосунда 8-март аялдардын Эл аралык күнүнүн урматына Бишкек шаарында волейбол боюнча мелдеш өттү. Ага ЖАКтын кызматкерлеринен түзүлгөн аялдардын 9 командасы; ЖАКтын борбордук аппаратынын, Башкы медициналык башкармалыгынын ошондой эле №2, 3, 14, 21, 31, 47, 50 мекемелеринин кызматкерлеринен турган командалар мелдешке катышкан.
Мелдештин жыйынтыгы менен 1-орунду №2 мекеме, 2-орунду №3 мекеме, 3-орунду №14 мекемеси алган.
Ал эми «Мыкты чабуулчу» болуп ички кызматтын кенже сержанты Жумашова Асылгүл болгон.
«Эң мыкты байланышчы» болуп №14 колониянын өздүк курам менен иштөө тобунун ага инспектору, майору Абдыралиева Роза болгон.
«Мыкты коргоочу» деп №3 мекеменин өздүк курамынын улук инспектору, и/к майору Абдыраимова Миргүл аныкталган.
Жеңүүчүлөргө кубок, медалдар жана дипломдор салтанаттуу түрдө тапшырылган.