Ысык-Көл милициясы мотивациялык роликтерди чыгарууда. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы тарабынан жаштардын аудиториясына багытталган жаңы мотивациялык ролик даярдалып чыкты. Мындай роликтер менен жаштардын мамлекеттин коомдук турмушуна активдүүлүгүн жана өз максатына жетүүгө умтулуусун жогорулатууну көздөйт.
«Айрым учурда баарыбызга мотивация жетпейт. Биз өз максатыбызга умтулабыз, бир нерсеге жетишүүнү каалайбыз. Бирок айрым турмуштук жагдайлардан улам колубуз түшүп калышы мүмкүн. Ушундай учурда кандай жардам бере алабыз? Ушундан улам кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлеринин катышуусу менен мотивациялык роликтерди даярдоону чечтик. Биздин даярдалган видеороликтер жаштарга өз максаттарына жетүүсүнө түрткү берет деп ишенебиз», - деп белгилешти мекемеден.