Украинадагы кыргыздын элчиси кырдаалдан пайдаланып, акча табууга аракет кылган шылуундар тууралуу айтты

Украинадагы акыркы кырдаалдан пайдаланып акча жасоо амалын көздөгөн фактылар бар. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
"Элчиликтин кызматкерлери татаал шартта, эс алуусуз иштеп жатат. Ошол эле учурда өлкөдө аскердик абалга байланыштуу коомдук транспорт жана күйүүчү май тартыш, айрым аймактарда каржы-насыя мекемелери иштебей турат. Мындай шартта элчиликтин кызматкерлери коюлган тапшырманы тез арада чечүү үчүн стандарттуу эмес ыкмаларга барып, кээде өмүрүн тобокелге салып, каржы маселесин өз каражаттарынан чечип жатышат.
Бирок айрым адамдар учурдан пайдаланып, жардамга акча чогултуу деп оңой акча табууга аракет кылган фактылар бар", - деген элчи.
Ошондой эле ал кээ бир мекендештер тобу чет өлкөдөгү кыргыз диаспорасынын биринен акча чогултуп, ээлик кылууга аракет кылышканын кошумчалаган.
"Ушуга байланыштуу расмий түрдө эскертип коёюн, жеке адамдардын жалданма ниети биз тарабынан кылдаттык менен көзөмөлдөнүп турат. Мыйзамды бузгандар толук жооп беришет!
Украинадагы Кыргыз жарандарына акчалай жана башка жардам көрсөтүүнү каалаган адамдарга шылуундардын курмандыгы болуп калбоо үчүн Тышкы иштер министрлигинин же биздин элчиликтер менен макулдашылгандан кийин түз өткөрүп берүүнү сунуштайм", - деп жазып калтырган Кадыркулов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан