Жалал-Абадда дайынсыз болуп изделип жаткан Дастан Кубатбеков Бишкектеги "Манас" аэропортунан табылды

Жалал-Абадда дайынсыз болуп изделип жаткан 26 жаштагы Дастан Кубатбеков аман-эсен табылды. Ал Бишкек шаарындагы "Манас" эл аралык аэропортунда жүргөнү белгилүү болду дешет облустук ички иштер башкармалыгынан.

Маалым болгондой, Дастан Кубатбеков 24-февралда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайда экендиги белгисиз болуп жаткан.

"Кайдыгер эмес жарандардын маалыматтарынын негизинде изделип жаткан 26 жаштагы жаран Бишкек шаарындагы "Манас" эл аралык аэропортунда жүргөндүгү белгилүү болду. Аны аэропорттун коопсуздугун камсыз кылган милиция кызматкерлери таап, жашаган аймагына жөнөтүштү.

Дастан туугандарына өткөрүлүп берилди", - дешти маалымат кызматынан.

Эске салсак, Дастан Кубатбеков үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз болуп, анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүн болбой жаткандыктан туугандары жана милиция кызматкерлери коомчулуктан жардам сурап кайрылышкан. Изделип жаткан жаран 2-топтогу майып экенин Жалал-Абад ОИИБинен кабарлашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан