SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларын баяндоону улантат. Бул ирет Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынын улук инспектору, милициянын подполковниги Дамира Юсупова кызматындагы ары кейиштүү, ары кызыктуу окуяларын баяндайт.
Каарманыбыз милицияда иштеп калганын мындайча баяндайт.
"Атам Ош облусундагы Араван РИИБде кенже курамдын кызматкери болуп эмгектенген. Ал эми апам медайым болуп иштеген. Атам кичинекей кезибизде эле бизге милициянын погондорунун сүрөттөрүн сызып, ар бир наамды үйрөткөн. Мен кичинекей кезимде эле погончон адамды көрүп калсам наамдарын дароо билчүмүн. Учурда эжем менен иним дагы күч органдарынын кызматкерлери.
Негизинен бул кызмат аял кишилерге эле эмес, эркектерге да оор. Митингдерде, чек ара чырларында милициянын ролу кандай экенин көрүп жатасыздар. Мындай кагылышуулар Баткен жергесинде да болуп турат. Биздин негизги милдетибиз - элибиздин коопсуздугу. Милиция кызматкери болуп элиме, жериме кызмат кылам деп ант бергендиктен оор, жеңил шарттарын көтөрө билишибиз керек".
Чыдамкайлыкты талап кылган ишинде ар кандай окуяларга туш болорун айткан маектешим эсинде калган бир окуяны мындай деп эскерди.
"Басма сөз кызматында иштегенден кийин кылмышкерлерди, шектүүлөрдү кармоого барган учурларга тез-тез эле күбө болуп турам. Бир окуяны баяндап өтөйүн. 2012-жылы июнь айында болсо керек, Баткен шаарында бир үй-бүлө өз билемдик менен Тажик жаранын барымтага алып алыптыр. Барымтада калган коңшу өлкөнүн жаранын бошотуу учурунда эл менен милиция кагылышып, жергиликтүү тургундар милицияга таш ыргытышып, курал колдонушкан. Азыр так саны эсимде жок, бирок биздин бир кызматкерибиздин бутуна ок тийген. Ошондо ушул кылмышка шектүүлөргө багыттамалар берилип, издөөгө алынган. Күн болсо ысык, эми Баткендин климатын билесиздер... Кечке маал эле ыкчам маалымат алынып калды. Колума фотоаппаратты алып, ыкчам кызматкерлер менен ыкчам топторго бөлүнүп айтылган дарекке жетип бардык. Үй ээлери бизди каргап, бир топ жаман сөздөрдү айтышты. Ага карабай ишибизди жасап, үйдүн ар бир бурчун текшерип жүрөбүз. Бир убакта кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси Кубанычбек Колдошов сандыктын үстүндө жыйылып турган төшөктөрдү түшүрө баштады. Үй ээси догурунуп, бизди каргап, сандыктын ачкычын араң берди. Сандыкты ачсак эле ичинде биз издеп жүргөн тажик жатат. Ал канча саат сандыктын ичинде жатканын билбейм, күндүн ысыгында сандыкта жата берип кызарып, тердеп кетиптир. Өзү дагы чоң чымыр денелүү жигит экен. Аны көрүп алып бир күлкүм келсе, бир жиним келген.
Баңги заттарын тараткандарды аныктоо, табуу учурунда да кызыктуу окуялар болчу. Колундагы товарын сатканы бара жаткан адам эч нерсе түшүнбөгөн жиндинин кейпин кийип алган учурлар дагы болгон", - дейт.
Чек ара чыры демекчи, Дамира Юсупова ок атылган каргашалуу окуялардын очогунда болгон мүнөттөрүн эстөө эң оор дейт.
"Баткен облусундагы чек ара чыр-чатактары баарыңыздарга белгилүү. Андай шарттарда жумушума байланыштуу тополоң чыккан жерде милициялардын арасында аялдардан жалгыз эле мен болом. Кээ бир учурларда жаңжал болгон жерлерде түнү менен калып да калабыз. Ошондой учурларда эле кыйналбасам, башка учурларда көнүп деле калгам. 2021-жылдагы апрель окуясында жеринде болдум. Ошондо октордун арасында калгам, жашоом бүттү деп ойлогом. Апрель окуясы жүрөккө катуу сокку берди. Жарадар болгон балдардын жарааттарын таңып, жардам берип жаттык... эстегим дагы келбейт ошол күндү".
42 жаштагы каарманыбыз учурда бойдок. Ал "жумуш деп жүрдүмбү же тагдырбы турмушка чыккан жокмун" дейт.
"Учкашпа, учкашкандан кийин түшө качпа" деген сөз бар эмеспи, ошонун сыңарындай жарым жолдо калгым келбейт. Буюрса, эл катары 55 жашка толуп анан ардактуу эс алууга кетсем дейм", - деген тилеги менен маекти жыйынтыктады Дамира Юсупова.