Бишкекте "Z" белгиси коюлган унаа ээлерине айып пул салынууда. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан кабарлашат.
Маалым болгондой, айып 5 миң 500 сомду түзөт. Ошону менен бирге унаа айып короосуна токтотулат.
"Бул "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 194-беренесинин 1-пунктуна каршы келет. Унааларга атайын лицензиясы жок белги чаптап алууга болбойт", - дешет мекемеден.
Белгилей кетсек, социалдык тармактарга Бишкек шаарында "Z" белгисин чаптап алган унаалардын сүрөтү жарыяланып, талкууга алынды. Бул белгинин түшүндүрмөсү жок.