Ош шаарынын аймагында "Түнкү өспүрүм" аталышындагы 2 күндүк профилактикалык рейд өткөрүлдү. Анын алкагында изделип жаткан өспүрүмдөр табылып, бир канча ата-энеге айып пул салынды.
Ош ШИИБинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, түнкү саат 22:00дөн кийин интернет клубдарда, оюн-зоок жайларда, жер төлөлөр менен үйлөрдүн чатырларында чоӊ адамдардын коштоосу жок жүргөн өспүрүмдөр аныкталып, ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилди.
"Бул рейд көрсөткөндөй, кармалган балдар, кыздардын көпчүлүгү жакын туугандары менен жашап, ата-энелери миграцияда жүрүшөт. Ошондой эле милиция кызматкерлеринин кылмыштуулукка карата жасаган иш-аракеттерине нааразы болгон айрым ата-энелердин бар болуп жатканы дагы өкүнүчтүү болду", - дешет башкармалыктан.
Рейд учурунда Ош шаарынын аймагында төмөндөгү жумуштар аткарылды:
- жалпысынан 131 өспүрүм маектешүү үчүн милиция бөлүмдөрүнө алып келинди;.
- 89 өспүрүм балдарды реабилитациялоо борборуна жеткирилди;
- мурда жасалган 4 кылмыштын бети ачылды;
- 164 коомдук жайлар текшерилди;
- үйдөн чыгып кеткен 2 өспүрүм табылып, ата-энелерине өткөрүп берилди;
- 27 ата-энеге Укук бузуу кодексинин 74-беренесине ылайык 1000 сомдон айып салынды;
- балдар комиссиясына (58 материал) жана башка мекеме менен ведомстволорго балдардын шарттары, корголуусу боюнча 177 маалымат каты жөнөтүлдү.