Буга чейин Кореяга элчи болгон Динара Кемелова министрдин орун басары болуп дайындалды

Буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн Кореядагы элчиси болгон Динара Кемелова жаңы кызматка дайындалды. Тагыраагы, ал тышкы иштер министринин орун басары кызматына келди. Бул туурасында бүгүн, 7-мартта тышкы саясий ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, Динара Кемелова министрликтин эмгек жамаатына тааныштырылды.

Динара Кемелова 1993-жылдан бери Тышкы иштер министрлигинин тутумунда иштеп, эл аралык-укуктук департаментинин 3-катчысы кызматынан министрдин биринчи орун басарына чейин ар кандай кызматтарда иштеген.

Акыркы иштеген жери – Кыргыз Республикасынын Кореядагы элчиси, дипломатиялык рангы бар.

Белгилей кетсек, 16-февралда Динара Кемелова Корея жана Вьетнамдагы элчи кызматынан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан