Орусия менен Украинанын тышкы иштер министрлери 10-мартта Анталияда жолугушат. Бул тууралуу түрк дипломатиясынын башчысы Мевлүт Чавушоглу билдирди деп жазышат чет элдик басылмалар.
Орусиянын тышкы иштер министрлигинен Сергей Лавров менен Дмитрий Кулебанын жолугушуусу Түркиянын тышкы иштер министринин катышуусунда болорун ырастады. Азырынча министрлер эмнени талкуулай турганы айтыла элек.
Украина менен Орусиянын ортосундагы кагылышуудан кийин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган эки өлкөнүн президенттери менен телефон аркылуу сүйлөшүп, жолугушууларды уюштурууга даяр экенин билдирген. Түркия Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдоп, аны курал-жарак менен камсыз кылууда, бирок ошол эле учурда Орусияга каршы санкцияларды киргизүүдөн баш тартууда.
Белгилей кетсек, Украина менен Орусиянын ортосундагы кагылыш 24-февралда башталып, бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Анын кесепетинен аскерлердин жана карапайым калктын арасында курман болгондордун саны өсүүдө. Бул окуядан кийин көптөгөн өлкөлөр Орусияга каршы катаал санкцияларды киргизишти жана киргизүүнү улантууда.