Киев Орусия Федерациясынын шарттарына макул болсо, Украина менен болгон кагылышуу токтой тургандыгы айтылды. Бул тууралуу Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго шилтеме келтирүү менен орусиялык массалык маалымат каражаттары жазышат.
Андагы маалыматка караганда, Украина Крымды Орусияныкы деп таанышы керек, ошондой эле Донецк жана Луганск Элдик Республикасынын көз карандысыздыгын таанышы керек. Андан тышкары Украина Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизип, айрым дооматтарынан баш тартышы зарыл.
"Биз Украинаны демилитаризациялоону аяктайбыз. Биз аны аягына чыгарабыз... Алар (украиндар) согуштук аракеттерди токтотушу керек", - деген Песков.