8-марттан тарта Бишкек шаарындагы 2 көчө оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылат. Бул тууралуу шаардык мэриянын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жунусалиев көчөсүнөн Гагарин жана Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө, ошондой эле Ынтымак конушундагы Курултай көчөсүнөн Магистральная жана Кожомкул көчөсүнө чейинки тилкеде унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилет.
Жолду оңдоп-түздөө "Бишкек шаарынын жолдорун оңдоо жана өнүктүрүү" долбоорунун алкагында Кытай өлкөсүнүн каржылоосунун негизинде ишке ашырылат.
Жол кыймылы үчүн Шота Руставели жана Азия көчөлөрү ачык болот.