Украинадан чыгууну каалаган Кыргыз жарандарын үчүнчү мамлекеттер аркылуу эвакуациялоо иштери уланууда. Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, акыркы эки күндө дагы 80 мекендешибиз эвакуацияланды.
Маалым болгондой, 5-мартта 35 кыргыз (13ү жаш балдар, 22си чоң адам) Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы элчилигинин кызматкерлеринин коштоосу менен Львов шаарынан Польшага эвакуацияланды. 6-мартта Молдова-Румыния-Болгария багыты боюнча Украинадан келген 45 адам Түркиянын чек арасынан өттү.
"5-мартта Болгариянын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматынын директору менен жарандар үчүн "жашыл коридор" тууралуу маселе чечилген.
Бүгүн, 7-мартта дагы 25 Кыргыз жараны Молдовадан Түркияга автобус менен барышат. Ал жерден бардык жарандар мекенине баруу үчүн жолдо жүрүү документтерин ала алышат", - дешти тышкы саясий ведомстводон.
Министрлик жана Кыргыз Республикасынын Украинадагы, Венгриядагы, Германиядагы, Түркиядагы, Беларусь өлкөсүндөгү элчиликтери, Кыргыз жергесинин Стамбулдагы башкы консулдугу, Польшада, Румынияда жана Венгриядагы кыргыз консулдуктары тарабынан Украинадан мекендештерибизди үчүнчү мамлекеттердин аймагы аркылуу кайтып келүүсүнүн коопсуздугун камсыздоо, убактылуу турак жай жана тамак-аш менен камсыз кылуу, ошондой эле муктаж болгон жарандарды тийиштүү документтер менен камсыздоо иштери улантылууда.
"Бүгүнкү күнү алдын ала маалымат боюнча, Украинанын аймагында жүргөн жарандардын өздөрүнөн жана алардын жакындарынан түшкөн чалууларга ылайык, биздин мекендештер дагы эле Украинанын шаарларында калышууда. Алардын дээрлик ар бири менен министрликтин консулдук кызмат департаменти жана элчилик туруктуу байланышта", - деп кошумчалашты маалымат кызматынан.
Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы элчилиги:
+380997573413;
+380442370346;
+380442370348, ошондой эле элчиликтин WhatsApp тобу.
Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаменти:
+996 551 312 000 - ыкчам байланыш номери;
+996 703 428 865, +996 709 983 465, +996 554 065 215.