Венгрияда өтүп жаткан эл аралык туристтик көргөзмөдө Кыргыз өлкөсүнүн туристтик потенциалы тууралуу баяндама жасалды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, туризм департаментинин директору Самат Шатманов Кыргыз жергесинин туризм дарамети жөнүндө айтып берди дешет министрликтен.
"Баяндамада Кыргыз өлкөсү COVID-19 илдетине байланыштуу тиешелүү алгоритмди кабыл алуу менен алгачкылардан болуп чек араларын ачып, учурда 67 өлкөнү визасыз режимде кабыл алып жаткандыгы айтылды. Тизмеде Венгрия мамлекети да бар экендиги маалымдалды.
Өлкөнүн туристтик потенциалын көрүү үчүн Самат Шатманов венгерлерди Кыргыз мамлекетине келүүгө чакырды", - дешет министрликтин маалымат кызматынан.
Белгилей кетсек, өлкөдө 2022-жыл Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланган.