Соңку үч күндө Украинадан 105 Кыргыз жараны эвакуацияланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-мартта Украинанын Львов шаарынан Польшанын аймагына автобус менен 35 кыргызстандык чыгарылды. Ал эми 6-мартта 45 Кыргыз жараны Молдова-Румыния-Болгария маршруту аркылуу Түркиянын чек арасынан өттү. Ал эми 7-мартта Түркияга Молдова аркылуу дагы 25 Кыргыз жараны жөнөтүлгөн.
Буга чейин ТИМ баш элчиликтин жардамы менен баш аягы 255 Кыргыз жараны чыгарылганын билдирген.