Акыркы бир сутка ичинде 2 адам коронавирус илдетинен каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, каза болгон жарандардын бирөө Ысык-Көлдө катталса, бир адам Баткен облусунда катталган. Алар эмдөө алган эмес.
Бул көрсөткүч менен өлкөдө пандемия башталгандан бери 2 968 адам коронавирустан каза болду.