Бүгүн, 8-мартка карата республика боюнча сутка ичинде COVID-19 илдети 17 адамдан аныкталса, 28 бейтап сакайып чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы 148 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 251 бейтап бар.
Өлкөдө жалпы 200 658 адам коронавирус илдетине кабылса, 195 713 бейтап сакайды.