Мен көргөн бир күн: "Дайынсыз жоголгон жигит Чым-Коргондон табылган"

SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларын баяндоону улантат. Бул ирет 8-март Айымдардын эл аралык майрамын утурлай өзүнүн окуясын Республикалык психиатриялык оорукананын дарыгери Бактыгүл Дыйканбаева айтып бермекчи.

"Мен Жалал-Абад облусунда төрөлгөм. Медициналык окуу жайды аяктагандан кийин Чым-Коргон айылына турмушка чыктым. Ошондон тарта Республикалык психиатриялык ооруканада эмгектенем. Иштеп жатканыма 40 жылдан ашты, 3 балам бар. Кесибимди сүйгөндүктөн ысык-суугуна чыдап иштеп келем.

Кыргыз кызы Казакстанга барып тамекиде иштейт. Ал 2005-жылдын 24-мартында Кыргыз өлкөсүнө саясий төңкөрүш болуп жатканынан кабары жок келет. Жумушчуларды өлкөгө алып келген унаанын айдоочусу аларды Бишкек шаарындагы бир ашкананын алдына тамактануу үчүн таштайт. Бир маалда автомат көтөргөн спецназдар ары-бери жүгүрүп, ызы-чуу түшөт. Унаанын айдоочусу качып кетет. Кыз нес абалда милиция кызматкерлеринин колуна түшөт. Кыз нес абалда болгондуктан өзүн жоготуп коёт. Аны милиция кызматкерлери кармап, эс-акылы жайында болбогонуна байланыштуу Чым-Коргон айылындагы Республикалык психиатриялык ооруканага тапшырышат. Бейтап биздин ооруканада дарылангандан кийин акырын эсине келе баштайт. Көрсө, аны туугандары милиция менен издеп жатышкан экен. Кыз өзүнө келе баштаган маалда үйүнүн дареги - Ош облусунун Ноокат районунда экенин айтат. Биз аймактык милицияга байланышып, кырдаалдын баарын түшүндүрдүк. Алар кыздын ата-энеси менен байланышууга мүмкүнчүлүк түзүп беришти. Кыздын ата-энеси кабарды уккандан көп узабай келип кызын алып кетишти.

Бир жолу бир жигит жол кырсыгына кабылып, эс-тутумун жоготуп коёт. Аны унаа коюп кеткендиктен башына оор операция жасалган. Үч-төрт ай ооруканада дарыланган соң аны Республикалык психиатриялык ооруканага алып келишет. Ал "Ош" жана "Камчы" деген эки гана сөздү билчү. Бирок биз телеканалдардын биринен Камчыны туугандары издеп жатканын билдик. Тилекке каршы, бейтаптын абалы оор болгондуктан каза болуп калды. Бирок топурак буюруп, анын сөөгүн туугандары келип алып кетишти. Дайынсыз жоголгондордун айрымдары Чым-Коргондогу Республикалык психиатриялык ооруканадан табылышы мүмкүн", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан