Ички иштер министрлигине караштуу Ички аскерлерде Эл аралык айымдар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Ички аскерлердин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин командачылыгында Аялдардын эл аралык күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Ага Бишкек шаарында жайгашкан Ички аскерлердин командачылыгынын жана аскер бөлүктөрүнүн айымдары катышты.
Анын жүрүшүндө Ички аскерлердин командачысынын милдетин убактылуу аткаруучу Дамир Алыбаев аскер айымдарын келе жаткан майрамы менен куттуктады.
«Ата-Мекенди коргоочу кесип эбак эле эркектерге гана эмес, аялзатына да таандык болуп калган десем жаңылышпаймын. Ички аскерлердин аскер айымдары да мамлекетибиздин коопсуздугун камсыз кылууга олуттуу салым кошуп келишүүдө. Аялзаты ар дайым тырышчаактык жана жоопкерчилик менен айырмалып келет. Сиздер өз милдеттериңизге абийирдүү мамиле жасоо менен, аскер кызматында ээлеген ордуңуздар эбегейсиз мааниге ээ», - деди өз сөзүндө Алыбаев.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө ички иштер министринин жана Ички аскерлердин колбашчысынын буйругу менен бир катар аскер айымдары медалдар, грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты. Иш-чара майрамдык концерт менен аяктады.
Ошондой эле басма сөз кызматы Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чаралар ИИМдин Ички аскерлеринин бардык аскер бөлүктөрүндө өткөрүлүп жатканын кабарлады.